Мектеп босогосун жаңы аттаган жеткинчектер үчүн мектептин босогосу, мугалимдин чеберчилиги, бир партага бирге отурган классташынын жылмаюусу, жаңы ариптер менен таанышуусу, кийип жүргөн окуучулук формасы, биринчи мугалим, биринчи кадам, баары маанилүү. Тамгалардын баарын таанып, окуганды, жазганды үйрөнүп, мектеп турмушуна аралашуусу зор бакыт эмеспи. Алардын жашоосуна өзгөчө шаң киргизген, эстен кеткис, кайталангыс…
Окуучулардын спортко кызыгуусун артыруу, дени соо жашоого чакыруу, апа менен баланын ортосунда жакындыкты бекемдөө максатында башталгыч класс усулдук бирикмесинде апрель айындагы декадага карата 3-4- класстар аралык "Апам жана мен" көңүлдүү старт сынагы өткөрүлдү.